Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Израил бийлиги учурда түрмөдө жаткан 350 палестиналык жаранды бошотот


Израил бийлиги учурда түрмөдө жаткан 350 палестиналык тургунду боштондукка чыгарууну көздөөдө. Израил өкмөтүнүн мындай чечимин кечээ исламчыл “Хамас” тобунун өкүлү “жетишсиз” деп баалады. Алардын айтымында, өткөн аптада Израил тарап менен үч айга чейин ок атышпоо тууралуу келишимге ылайык Израил түрмөлөрүндөгү 6 миңге жакын палестиналыктар бошотулушу керек. “Хамас” тобунун өкүлүнүн жогорудагыдай пикирине Израилдин Тышкы Иштер министри Сильван Шалом мындайча пикирин билдирди:

Биз бардык киши өлтүргүчтөрдү же израилдик жарандарды өлтүрүүнү каалагандардын барын эле бошотпойбуз. Мындай адамдардын түрмөдө кармалышынын себеби баарына айдан ачык.

Бүгүн палестиналыктарды түрмөдөн бошотуу маселесин талкуулоо үчүн Палестина менен Израилдин тышкы иштер министрлери жолугушат.

XS
SM
MD
LG