БИШКЕК. Кечээ кечинде Канттагы аскердик бөлүктөн качкан катардагы 13 жоокердин 11 өз бөлүктөрүнө кайтып келишти. Ал эми калган экөө туугандарынын колунда турат. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек гарнизонунун аскердик прокурору Рыскулбек Маженовдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, аскерлердин качышына алардан мурда кызмат өтөй баштаган жоокерлердин ур-токмогу себеп болгон. Чоң муштум эки жоокер камакка алынып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов