Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Айрым баткендиктер тажик чек арачыларына нааразылык билдиришти


БАТКЕН. Баткен облусунун Самаркандек айылынын 20га жакын тургуну Тажикстандын Шураб чек ара бекетине нааразылык билдиришти. Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Саликовдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кыргыз аялдары тажик чек арачыларына «бул Кыргызстандын жери, бул жерден кеткиле, же болбосо вагонеткаңарды оодарып салабыз» деген талап коюшуп, автоунаалардын ылдамдыгын басаңдатыш үчүн коюлган таштарды ыргытып салышкан. Ал эми тажик чек арачылары бул маселени жетекчилер чечээрин айтып, эч кандай күч колдонбостон кыргыз аялдарын эптеп жолго салышкан. Бул чек ара бекети Самаркандек-Шураб жолуна быйыл февралда коюлган. Ал эми облус губернаторунун орун басары Абдувасит Мусаев ушул эле күнү «Азаттыкка» бул чек ара бекети быйыл 13-январда кыргыз–тажик өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык коюлганын, кыргыз аялдары түшүнбөстүк кылып койгонун, азыр бул айылдын калкына ушул маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG