Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Өкмөт эки ишкананын маселесин чукул чечүүгө аргасыз болууда


БИШКЕК. Өнөржай-инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн алдындагы кеңеш бүгүн «Жылдыз-Шпарта» жана «Акулак» ишканаларынын абалын талкуулады. Жыйында белгилүү болгон маалыматтарга караганда, 8 млн. 791 миң немец маркасы өлчөмүндөгү кредитти төлөй албай, банкрот абалына жакындап калган, кездеме чыгаруучу кыргыз-герман «Жылдыз-Шпарта» ишканасын кайра алуу милдети өкмөттүн алдында турат. Ал эми көмүр чыгаруучу мамлекеттик «Акулак» ишканасынын кредитордук 116 млн. сом, дебитордук 27,7 млн. сом карызы бар. Ишкана жетекчилиги отурумда өкмөттөн карыздарды реструктризациялоону, дебитордук карыздарды өндүрүүгө жардамдашууну суранып, өкмөттөн колдоо болсо 200 миң тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Кеңеш отурумун башкарган премьер-министр Николай Танаевдин бул маселеге ишкананын жагдайы менен жеринде таанышкандан кийин кайра кайрылаарын билдирди. Премьер-министр «Акулакка» 17-18-июлда барууну убада кылды.

XS
SM
MD
LG