БИШКЕК. Кечээ президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаева ушу тапта Ысыккөлдө эс алып жүргөн Орусиянын экс-президенти Борис Ельцин жана анын жубайы Наина Ельцина менен «Чолпоната» мамлекеттик резиденциясында жолугушту. Жолугушууда Борис Ельцин быйыл Ысыккөл орусиялык конокторду мурдагыдан көп кабыл алганын жана орусиялык саясатчылар менен ишкерлер Кыргызстанга өзгөчө кызыгып жатышканын белгиледи. Анын мисалы катары экс-президент Орусиянын «Бирдиктүү энергосистема» компаниясынын башчысы Анатолий Чубайс менен «Газпромдун» башчысы Алексей Миллердин Чолпоната форумдарына катышып кайтышканын белгиледи. А. Акаев Б. Ельцин менен эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан маселелерди талкуулоону макулдашты. Ельциндер Ысыккөлдө он күн эс алышат. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.