Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Кыргыз милиционерлерин эл аралык полиция кызматкерлери окутушат


БИШКЕК. ЕККУнун колдоосу менен ишке кирип жаткан «Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо» программасынын курамындагы «Чыр-чатактарды, тартипсиздикти болтурбоо үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо» долбоорунун алкагында эл аралык полиция офицерлери Бишкекке келе башташты. Алар чыр-чатактарды болтурбоо максатында ички иштер кызматкерлери үчүн семинарларды өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча улук кеңешчиси Ричард Монк билдирди. Анын айтымында, долбоордун максаты - коомдук тартипсиздикти жоюш үчүн эң алдыңкы каражаттарды алып келүү эмес. Ар бир өлкөдөгү тартип үчүн тартип коргоо органдары жооптуу жана алар баш-аламандыкка каршы турууда күч колдонуунун жеңил ыкмасын пайдаланууга милдеттүү. ЕККУ ушул багытты көздөйт. Монк менен кечээки жолугушууда жарандык коомдун өкүлдөрү ЕККУнун бул долбоору боюнча адам укуктарына байланыштуу тынчсызданып жатышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG