Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Израилдин жана Палестинанын премьер-министрлери эртең жолугушпайт


Бул тууралуу бүгүн палестин автономиясынын өкүлдөрү билдирди. Ариэл Шарон менен жолугушардан мурда Махмуд Аббас палестин күчтөрү менен дагы бир ирет масилет куруп, Израилден түрмөдө жаткан палестин тургундарынын баарын бошотууну талап кылуу зарылбы-жокпу,ушуну тактап алмай болду. Мунун алдында Израилдеги кечээки террор үчүн жоопкерчиликти “Ислам жихады” уюму өзүнө алган эле. Иордан дарыясынын батыш жээгинде жанкечти-террорист бомбасына жарылып, өзүнө кошо улгайган бир жөөт аялынын өмүрүн кыйган болчу. Бул иш палестин радикалдары, анын ичинде “Ислам жихады” уюму ”Хамас” жана “Фатх” тобу менен биргелешип интифадада үч айлык танапис жарыялагандан берки биринчи террордук акция болду.

XS
SM
MD
LG