Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Пакистан Кабулдагы элчилигин жапты


Бул жерде бүгүн массалык демонстрация болуп, ага катышкандар ”Пакистанга жана анын президенти Мушаррафка өлүм!” - деп кыйкырып, тополоң чыгарганга аракет кылышты. Демонстранттардын айрым бөлүгү Пакистан элчилигине кирип барып, имараттын терезелерин талкалап салышты. Жакында Пакистан аскерлери Ооганстандын аймагына кирип, операцияларды өткөргөн эле. Бул иш оогандыктардын кескин нааразылыгын пайда кылды. Ооган лидери Хамид Карзай бүгүн Пакистан элчилигиндеги ээнбаштыкты айыптады. Кечээ ал ырасмий Кабул өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракеттерине чыдай албайт деп ырастаган эле.

XS
SM
MD
LG