ТАЛАС. Казакстанга чектеш Маймак, Сатыкеев, Суулуумаймак, Жоонтөбө айылдарынын жашоочулары кыргыз телекөрсөтүүсүнүн программаларын көрө башташты. Бул тууралуу бүгүн Радиорелемагистралдар жана телерадиотранслянциялоо боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин Талас борборунун жетекчиси Олжо Курамаев билдирди. Анын айтымында, Сатыкеев айылына ретрансляциялык чакан станция курулуп, ишке берилди. Эми Талас районундагы Шумкаруя чокусундагы ретрансляциялык странциянын курулушу аяктаганы турат. Мындан соң Манас районундагы Арал айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылында да ушундай станция орнотулат. Бул эки курулуш аяктаган соң Талас облусундагы элдин 90% ашууну КТРдин программасын көрө алышат.