Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстан адамдык өнүгүүнүн индекси боюнча өтө артта калууда


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына караганда, адамдын өнүгүшү жагынан Кыргызстан дүйнөдөгү 175 мамлекеттин ичинен 102-орунда турат жана мурдагы Совет республикаларынын эң артта калды делген 7 мамлекеттин ичинен Тажикстандан гана алдыда турат. Бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги ушундай маалымат таратты. Кыргызстандын жарандарынын өсүп-өнүгүшүнө саламаттык сактоонун, билим берүүнүн начарлыгы, кирешелердин өтө аздыгы терс таасир тийгизүүдө. Кыргызстандан тышкары, мурдагы союздук республикалардан Грузияда, Молдовада, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Украинада да жашоо өтө начарлап кеткен. Бул өлкөлөрдүн айрымдарында жашоо деңгээли дүйнөдөгү эң артта калган өлкөлөргө теңелип калган.

XS
SM
MD
LG