Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Жалалабаддагы милиция органдарына кол салгандардын соту кийинкиге жылдырылды


ЖАЛАЛАБАД. Ишти териштирүүчү шаардык соттун судьясы Замир Самаковдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча, 15-майдагы окуя менен Cузак районунан жаңы өткөрүлүп алынган ишти кошо кароо милдети турат. Жаңы кошулган ишке ылайык Адылбек Каримовдун тобуна «февраль айында «Коттон Атлас ЛТД» ишканасынын башчысы Нежми Акөл менен ишкананын башкы бухгалтеринен 1 млн. 358 миң сом акча тоногон» деген айып коюлууда. Алты берене боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишин Башкы прокуратура менен облустук прокуратуранын адистери изилдешкен. Ишти кароо алгач 8-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG