Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

ЕККУнун төрагасы Кыргызстанда


БИШКЕК. Кечээ Кыргызстанга келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасы, Нидерландынын тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффер бүгүн президент Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. ЕККУнун төрагасы менен жолугушуу маалында президент А.Акаев соңку жылдары Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтык артканын белгилеп, уюмдун сунуштары кыргыз бийлиги тарабынан турмушка ашырылып жатканын айтты. Ага мисал катары президент ЕККУнун Бишкектеги конференциясын, ЕККУнун Бишкекте ачылган академиясын жана Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча жүрүп жаткан иш-чараларды белгилеп өттү. Андан тышкары А. Акаев Батыш менен Чыгыш цивилизацияларын жакындатуу максатында ЕККУ менен Ислам Конференциясы Уюмунун өкүлдөрү өткөргөнү жаткан форумга даярдык жыйынын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Жолугушуу маалында Схеффер мырза кыргыз бийлигинин Демократиялык коопсуздук кеңешин жана акыйкат башкаруунун концепциясын түзгөнүн ЕККУ колдоого алаарын айтты. Ушул эле күнү Схеффер мырза «Ганси» авиабазасындагы Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлеринин турмушу менен таанышты.

XS
SM
MD
LG