Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Ооганстандын президенти Пакистандын мамлекет башчысынан кечээ күнү Кабулда болгон окуя үчүн кечирим сурады


Өткөн түнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандын мамлекет башчысына телефон чалып, кечээ Кабулдагы Пакистан элчилигиндеги болгон окуя үчүн кечирим сурады. Шейшемби күнү бир нече Ооганстандык тургундар Пакистандын Кабулдагы элчилигини алдына топтолушуп, “Пакистанга жана анын президенти Мушаррафка өлүм” деп кыйкырып тополоң чыгарууга аракеттенишкен. Нааразылык акциясынын катышуучулары элчиликтин имаратына кирип барып, имараттын эшик терезелерин талкалашкан. Мындай нааразылык акциялары жакында Пакистандын Ооганстандын аймагында өткөргөн аскерий операцияларына каршы уюуштурулган.

XS
SM
MD
LG