Бангладеште эл ташыган кеме сууга чөгүп, 400 ашуун адам каза болгондугу кабарланууда. Соңку маалыматтарга караганда, 750 адамды ташып бараткан кеме Бангладештин борбор шаарынан 95 түштүктөгү Мегна дарыясындагы күтүүсүздөн катуу шамалдан башталган толкундан сууга чөгүп кеткен. Кемеден 150 гө жакын адам аман куткарылган. Кеменин бортуна жүргүнчүлөрдөн башка чоң өлчөмдө жүк жүктөлгөн.