Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

АКШнын президентинин Африка өлкөлөрүнө иш сапары уланууда


АКШнын президенти Жорж Буштун бир катар Африка өлкөлөрүнө иш сапары уланууда. Бүгүн Кошмо Штаттардын президенти Түштүк Африка республикасынын президенти Тхабо Мбеки менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Африка өлкөлөрүндө кеңири жайылган СПИД илдетине жана эл аралык терроризге каршы күрөшүү, Зимбабведеги экономикалык кризис жана башка маселер талкууга алынды. Жолугушуудан соң өткөн маалымат жыйынында, Кошмо Штаттардын президенти Либерияга америкалык тынчтыкты камсыз кылуучу күчтөрдү качан жиберүү тууралуу азырынча чечим кабыл ала электиги маалымдады. Ал эми журналистердин сиз Ирактын мурдагы жетекчилигинин өзөктүк куралдары бар экендигин аныктабай туруп, Саддам Хусейинди айыптаганыңызга өкүнбөйсүзбү? деген суроосуна Жорж Буш мындайча жооп берди:

Мен Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу өзөктүк куралдары бар экендигине толук ишенем. Дагы бир жолу эсиңерге салайын, биз 1991-жылы ал өзөктүк куралдарга ээ болууга аз калгандыгын эске албай жатабыз. Ага окшогон тирандын өзөктүк куралдарга ээ болгондугун элестетип көрүңүз.

Кошмо Штаттардын президенти Түштүк Африкадан соң Ботсвана, Нигерия жана Угандуга барат..

XS
SM
MD
LG