АКШнын Ирактагы аскерлери БААС партиясынын жогорку жетекчилеринин бири Мизбан Хадр Ал Хадини жана Ирактын революциячыл кеңешинин мурдагы аймактык жетекчисин колго түшүрүштү. АКШнын Ирактагы администрациясынын тараткан маалыматына караганда, ушуну менен Ирактын издөө салынып жаткан мурдагы 55 жогорку бийлик өкүлдөрүнүн 34 колго түшүрүлдү.