Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

ЫСЫККӨЛДҮ ГҮЛДӨТӨБҮЗ, ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ ЖОЕБУЗ, БИШКЕК ГИМНИН ЫРДАЙБЫЗ


Кыргыз басылмаларында Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы жетекчисинин республикадагы жолугушуулары, НАТО башкатчысынын башталып аткан иш сапары, жайкы эс алуу, көлдү көрктөндүрүү, жакырчылыкты жоюу сындуу окуялар чагылдырылды. Кыргызстандын башкалаасынын гимни шаардык кеңеш депутаттары тарабынан жактырылып кабыл алынганы маалымдалды.

Пишпек – Фрунзе – Бишкектин тарыхында олуттуу окуя – башкалаанын өз гимни кабылданганын бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Басылманын жазганына караганда, гимн тууралуу сөздүн козголгонуна кыйла жыл болгон. Быйыл конкурс жарыяланып, ага катышкан 35тен ашуун акын, композиторлордун ичинен Жалил Садыковдун тексти менен Насыр Давлесовдун музыкасы депутаттардын көңүлүнө төп келип, кабыл алынды.

Ушул эле гезитте НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсондун иш сапары башталары, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы жетекчисинин Бишкек сапары жыйынтыктуу болгондугу тууралуу маалыматка орун берилген. Алыскы Испаниядан келген өнөрпоздор аялдар түрмөсүндө оюн көрсөтүшкөнү Юрий Вороновдун «Зонадагы испан ышкысы» макаласында баяндалган. Улуу жибек жолу менен батыштан – чыгышка саякат уюштурган өнөрпоздор Кыргызстандан Кытайга өтүп, Монголиядан мекенине кайтышат.

Көл жээгинде жапан адистеринин жардамы менен өнүгүүнүн генералдык планын иштеп чыгуу долбооруна кол коюу аземи 14-июлда өтөрүн бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады. Журналист Тамара Слащеванын жазганына караганда, башкы план бир нече этаптарга бөлүнүп, анда айыл-кыштактар, соода жайлары, айыл чарбага бөлүнчү жер, эс алуу жерлери так көрсөтүлмөкчү.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстандын ички иштер министрлигине көмөк көрсөтүп, резина ок менен атуучу автоматтарды, көздү кыйлага карыктырып койчу прожекторлорду, кишендерди жана башка «демократизаторлорду» сатып алууга жардам берүүсү жарандардын сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, деп белгилейт бейшемби күнкү «Общественный рейтинг» гезитинде Марипов менен Байгуттиев. Алардын пикиринде, бейгам Европадан келген каадалуу меймандар кыргыз милициясы «сөз эркиндиги» менен «массалык башаламандыктын» айырмасын анча аңдай бербестигин билишпейт шекилдүү.

Кыргызстанда өтөле жакыр калктын саны 50% жакын, республикада керектөө бүйүжети киши башына ай сайын 1400 ашуун сомду түзөт. Андай каражаттын теңине жетпеген акча менен өлкөнүн жарым калкы өлбөстүн күнүн кечирип жатканы эмдигиче табышмак экенине Асел Шербото токтолгон. Автордун айтымында, ушу тапта республиканын оор экономикалык жагдайдан чыга алар кудурети жок. Ал аз келгенсип, жакынкы жылдары удаалашып шайлоо өтөт, андайда жакырлардын проблемасына баш катырган кишинин чыгышы кыйын.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Агым» гезитинде басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева айтымында, медицина тармагын реформалоонун чоо-жайына арналган макала, Токтогул ГЭС курулушу, суу алдында үй-жайы, там-ташы калып башка жерге көчүрүлгөн жергиликтүү калктын проблемасын чагылдырган материал жарык көрмөкчү. Гезит редакциясы бир айга чыгармачылык отпускага чыгууда.

«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Маматемин Рыскуловдун маалымдашынча, басылманын жаңы санында негизинен Көлдөгү эс алууга байланышкан материалдар басымдуулук кылат. Андан тышкары Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин чыгармачылыгы, айтылуу акын Жолон Мамытовдун поэзиясына арналган материалдарга да гезит бетинен орун берилмекчи.
XS
SM
MD
LG