Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Жоокерлердин качып кетиш себеби такталууда


БИШКЕК. Чүй облусуна караштуу Кант шаарчасында жайгашкан аскердик бөлүктөн кызмат өтөп жаткан 13 жоокердин качкандыгын тактоо боюнча жүргүзүлгөн административдик тергөө соңуна чыкты. Административдик тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган материалдар республиканын аскердик прокуратурасына тапшырылды. Ага ылайык аскердик бөлүктө жоокерлерди качууга мажбурлаган шарттарды түзгөн жооптуу кызматкерлерге карата кылмыш иши козголот. Аскердик бөлүктүн жеке курамы менен иш жүргүзгөн бир катар жооптуу кызматкерлерге карата чечкиндүү административдик чаралар көрүлөт. Кызмат өтөгөнүнө 2-3 гана ай болгон жоокерлердин качышына аскердик бөлүктө аларга жасалган одоно мамилелер себеп болгон, деген божомол бар. Бул маалымат бейшембиде коргоо министрлигинен алынды. 6-июлдан 7-июлга караган түнү Канттагы аскердик бөлүктөн 13 жоокер качып чыккан. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 11 аскердик бөлүккө кайрылып келди. Ал эми экөө изделүүдө.

XS
SM
MD
LG