Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

«Самаркандек» айыл өкмөтүндөгүлөрдүн талабы


БАТКЕН. «Самаркандек» айылынан бир чакырым алыстыктагы Тажикстандын чек ара бекетине жөнөгөн 30 чакты аялды айылдын чыга беришинен Баткен райондук кеңешинин төрагасы Али Темиркулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Акбаев жетектеген тартип коргоо кызматкерлери токтотушуп, алардын артка кайтуусун суранышты. Алар аялдар менен сүйлөшүп, маселе мамлекеттик деңгээлде чечилерин түшүндүрүшкөн соң зайыптар тарап кетишти. Аялдардын талабы чек аралар такталгыча Тажикстан чек ара бекетин алып турушу керек. Алар бекет турган жер Кыргызстандыкы деп эсептешет. Айыл тургуну Зулайка Амираева: «Постту азырынча алып турсун, мурдагы өзүнүн Тажикстанынын чек арасына койсун. Элдин талабы ошол. Тажикстанга бербейбиз өзүбүздүн кыргыздын жерин», - деген талапты билдирди. «Самаркандек» айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Саликовдун айтуусунда, Кыргызстанга тиешелүү бул жерди Советтер Союзунун тушунда Тажикстан өздөштүрүп, эми эки ортодо талаш чыгууда. Чек ара бекети ушул жылдын 13-январындагы кыргыз–тажик өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык коюлган.

XS
SM
MD
LG