Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Бүйүжет: кирешеден чыгым көп


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мамлекеттик карыздарды төлөөгө 1 млрд. 464,8 млн. сом жумшалды. Бул тууралуу 10-июлдагы маалымат жыйынында каржы министрлигинин башкы казынасынын директор орунбасары Саидбек Зулпуев билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын алты айында республикалык бүйүжетке 6 млрд. 694 млн. сом жыйналып, план 94 % аткарылган. Менчиктештирүүдөн 199 млн сом түшкөн, бул каражаттын 147 млн. сому «Майлуусуу электрлампа заводун» сатуудан келген. Ал эми республикалык бүйүжеттин чыгаша бөлүгү 7 млрд. 12 млн. сомду түзүп, план 92 % аткарылган. Маалымат жыйынында алынган кабарга караганда, салык жыйноонун өлчөмү май-июнь айларында өтө төмөндөп кеткен. «Ошондон улам эмгек акыны төлөө 10 күнгө кечигүүдө», - деди Саидбек Зулпуев. Жылдын алгачкы 6 айында табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга 163 млн. сом ашыкча жумшалган.

XS
SM
MD
LG