Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Америка Сенаты президенттин чечимин четке какты


Американын Сенаты бойдон алдыруу укугун коргогон уюмдарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү токтотуу тууралуу АКШ президенти Жорж Буштун чечимин четке какты. Буштун чечимине каршы болгондордун ою боюнча мындай чечим үй-бүлөнү пландоо боюнча калк жыш жайгашкан өлкөлөрдө иш жүргүзгөн уюмдардын аракетине чектөө коюп, бойдон жашыруун алдыруулардын өсүшүнө түрткү берет. Ал эми Буштун жактоочулары болсо, “АКШ жарандарынын салыктары чет өлкөлүк аялдардын бойдон алдыруусуна сарпталбашы керек” деп, Бушту колдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG