Бүгүн НАТОнун Казакстанда визит менен жүргөн башкы катчысы Жорж Робертсон Кыргызстан менен Казакстан коопсуздук чараларын биргелешип көрүүсү зарыл деп билдирди. Анын пикири боюнча, бул эки өлкөнүн саясий жана экономикалык тармактары менен проблемалары окшош. Ошондуктан алар региондогу коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин бирге көрүп, эл аралык терроризмге каршы иш-чараларды күчөтүүсү керек.