Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Борис Грызлов: “Москвадагы эки терракты бир кылмыштуу топ уюштурган”


Москванын соту кечээ түнкү “Имбирь” ресторанындагы жардырууга тиешеси бар деген шек менен Чеченстандын жараны Зарема Мужихоеваны камакка алууга көрсөтмө берди. Орусиянын Ички иштер министри Борис Грызлов “Тушинодогу жана ресторандагы жардырууну террордук бир топ уюштурган болуу керек” деп билдирди. Кечээ түнү Москванын “Имбирь” ресторанындагы колдон жасалган жардыргычты зыянсыздандырып жатып, федералдык коопсуздук кызматынын офицери Георгий Трофимов каза болгон. Ал эми бүгүн Европа Кеңеши Чеченстандагы бир да проблеманы чечпей жатат деп Орусиянын өкмөтүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG