Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

АКШнын Ирактагы аскерлеринин коопсуздугу кыйын


АКШнын президенти Жорж Буш АКШнын Ирактагы аскерлеринин коопсуздугу кыйын кырдаалга туш келгендигин мойнуна алды. Ал мындай билдирүүнү Африкадагы визити учурунда, Иракта америкалык эки жоокердин каза болгондугун уккандан кийин жасады. Түндөгү кол салуудан АКШнын дагы эки жоокери – бири эл-Мухмидия шаарында бирөөнүн огунан, экинчиси Тикрит шаарындагы аткылоодон каза болушкан. АКШ Иракта өз аскерлерин кармоо үчүн айына 4 миллиард доллар сарптап жатат. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелд билдирди. Анын айтымында, Ирактагы калыбына келтирүү каражаттарын үнөмдөө үчүн жөө аскерлерди ар кайсы өлкөлөрдүн аскерлеринен түзүү зарыл. Ал эми 19-июлдан тарта Ирактын өз аскерин түзүү үчүн чакыруу башталат. Алгач миң жоокер тандалып алынып, жыл аягына чейин алардын санын 40 миңге жеткирүү болжолдонууда. Аларды АКШнын “Виннель корпорейшн” компаниясы машыктырат жана ал үчүн Пентагон 48 миллион доллар бөлдү. Ирактын жаңы армиясына кирүүгө эски режимде кызмат кылган аскерий жетекчилерге жана БААС партиясынын өкүлдөрүнө жол жок. Ал эми Ирактын Фаллужа шаарынын полицейлери АКШлык аскерлердин бир сутка ичинде чыгып кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG