Көчөдө жашылча-жемиш сатып жан сактаган Варайут Соңслип деген киши будпарастык ибадатканада багылган иттерди ууландырылган тооктун этин берип өлтүргөнүн моюнга алды. Көрсө, иттер анын түшкү тамакка деген тоогун тиштей кача турган болгондо, соодагер аларды кууйм деп, каптырып алган экен.
Соодагер айбанаттарга ырайымсыз мамилеси үчүн соттолду. Буддизм да айбанаттарга кыянат кылууга тыйуу салат, ошондуктан Таиландда ибадатканалар жолбун иттерге баш баанек берген учурлар көп учурайт.
Жаңыл Жусубжан, Прага