Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Орусия НАТОнун Грузия менен кызматташтыгына кооптонуу билдирди


Орусиянын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Александр Яковенконун кабарлашынча, Маскөө уюмдан Грузия менен аскердик кызматташтыгы тууралуу толук түшүндүрмө берүүнү талап кылды.
Бүгүн "Независимая газета" Грузия НАТОго Түштүк Кавказ аймагында абадан чалгын жүргүзүүгө жардам берүүнү пландаштырып жатат деп жазган эле. Ушундай эле маалыматты Орусия армиясынын генералдык штабына тийешелүү болгон "Красная звезда" гезити жазып чыкты. Бул кабарды Грузия менен НАТО тактап, же төгүнгө чыгара элек.

XS
SM
MD
LG