Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Иракта америкалык аскерлер полиция бекетинен чыгарылды


Фалужа шаарынын полиция бөлүмүнүн жетекчиси америкалык аскерлер бүгүн эртең менен кетишкенин билдирди. Ал америкалыктардын мында турушу жергиликтүү полициячылардын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыктан, аларды чыгарып кетүүнү суранган.
Ал эми Фалужанын акими Таха эл-Вани Ройтерске буларды билдирди

- Биз ирактык полициячылар өздөрү иштей ала турган жерлерден америкалык күчтөр чыгарылат деп макулдашканбыз.

Өткөн түнү америкалык аскерлерге кол салууда үч карапайым ирактык жараат алган эле.
АКШнын Ирак согушун жетектеген, азыр отставкага кетип жаткан генерал Томми Фрэнкс кечээ америкалык аскерлер Иракта төрт жылга чейин калышы мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG