Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Бишкекте Үчүнчү инвестициялык матрицанын аткарылышы боюнча жыйын болду


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен Үчүнчү инвестициялык матрицанын аткарылышына арналган жыйын өттү. Инвестициялык матрицанын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн жыл башында өкмөт 17 жумушчу топ түзгөн. Быйыл 15-январда президент А.Акаев «Жагымдуу инвестициялык кырдаал түзүү боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу тууралуу» атайын жарлыкка кол койгон. Инвестициялык матрицаны ишке ашыруунун мыйзамдык негиздерин ыраатка салыш үчүн бир топ жаңы мыйзамдар кабыл алынып, мурункуларына алымча-кошумчалар киргизилген. 18-мартта Экономикалык саясат кеңешинде министрликтер менен ведомстволордун Үчүнчү инвестициялык матрицанын аткарылышы тууралуу отчеттору угулган. 5-июнда өкмөт өзү отчет берген. 26-27-июнда Үчүнчү инвестициялык саммит өткөрүлгөн. Өкмөттүк отурумда Николай Танаев Үчүнчү инвестициялык матрицанын 96% аткарылганын маалым кылды. Июлдун аягына чейин өкмөт инвестициялык матрицанын төртүнчүсүн аткарууга кирише тургандыгын ачыкка чыгарды.

XS
SM
MD
LG