Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Кыргызстанда агенттик коррупция менен атайын күрөшмөк болду


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт Үйүндө премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилигинде Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш Коррупцияга каршы күрөш агенттигин түзүү жөнүндөгү маселени талкуулады. Болочок агенттиктин негизги максаты - өлкөдө коррупциянын өнүгүшүнө бөгөт коюу, өкмөттүн, тартип коргоо органдарынын, бейөкмөт уюмдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларын координациялоо болмокчу. Агенттиктин жобосунун долбооруна ылайык, анын иши төрт этап менен жүргүзүлөт. Алардын катарында Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук программаны, Коррупцияга каршы чараларды көрүү программасын иштеп чыгуу, коррупциянын өнүгүшүнүн себептерин иликтөө сыяктуу иш-чаралар белгиленген. Премьер-министр Николай Танаев «агенттик парламентке, президенттик администрацияга, өкмөткө же кандайдыр-бир башка мамлекеттик органга көз каранды болбошу керек» деген көз карашын ортого салды. Жыйындын айрым катышуучулары болсо, «Коррупцияга каршы агенттик көз карандысыз структура болбошу керек, ал мамлекеттик бийлик бутактарынын бирине баш ийүүгө тийиш» деген пикирлерин айтышты. Коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттик тууралуу маселе Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеште кийинки жумада да талкууланат.

XS
SM
MD
LG