БИШКЕК. Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун колдоосу менен иштелип чыккан Кыргызстандын тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча программанын жетинчи пунктун алып салууну талап кылууну улантышууда. Бул долбоордо чыр-чатактарга жана тартипсиздикке жол бербеш үчүн ички иштер органдарынын системасын чыңдоо боюнча иш-чаралар каралган. «Интербилим», «Жарандык коом коррупцияга каршы» жана башка бир катар бейөкмөт уюмдар программанын долбоорун калк арасында таратып, ал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бейөкмөт уюмдар ЕККУга кирген 55 өлкөнүн жарандык коомчулугуна да Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын бул талабын колдоого чакырган билдирүүлөрдү таратышууда.