Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

НАТОнун баш катчысы Кыргызстанда болду


БИШКЕК. Бүгүн Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Жорж Робертсон Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, коргоо министри Эсен Топоев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Жолугушууларда тараптар НАТО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана алардын жаңы багыттары боюнча пикир алмашты.
«Дүйнөдөгү жаңы коркунучтардын шартында бизге жаңы, трансформацияланган НАТО керек. Ошондуктан НАТОнун кеңейиши жана анын максаттарынын өзгөрүшү - мыйзам ченемдүү көрүнүш», - деди Ж. Робертсон. Анын айтымында, НАТО азыр аскердик колдоого караганда саясий жүктү көбүрөөк аркалоону көздөп жатат. Ал эми Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары мындан ары терроризм менен күрөшкө жана чек ара коопсуздугуна байланыштуу болмокчу. Андан тышкары, альянс менен Кыргызстан НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында жарандык коомду бекемдөө багытында кызматташтыкты улантат. Бул күнү Жорж Робертсон Улуттук илимдер академиясында да болуп, ага «ардактуу академик» наамы ыйгарылды. Бүгүн НАТОнун баш катчысы Брюсселге жол тартты.

XS
SM
MD
LG