Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Төлөбек Өмүралиев кыймылсыз мүлк салыгы шаарлардын өнүгүшүнө жакшы шарт түзөөрүн белгиледи


БИШКЕК. Кыймылсыз мүлккө киргизилүүчү салык шаар бюджетине 100 млн. сомдон ашык каражат алып келет жана салыктын жаңы түрүнөн түшүүчү бул акча шаар инфраструктурасынын өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик каттоо министри Төлөбек Өмүралиев кечээ Бишкек мэриясында өткөн жыйында ушундай пикирин ортого салды. Анын айтымында, буга чейин шаар казынасы мамлекеттик алымдын үстөк пайызынан толукталып келсе, эми жаңы салыктан түшкөн каражат бүт бойдон түз эле шаардык казынага которулат жана ал шаардын өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, 5 миң минималдык эмгек акы өлчөмүндө турган же 12 миң долларлык квартиралардан жана үйлөрдөн салык жыйнала баштайт. Ушу тапта аталган министрлик менен шаар бийлиги салык алынуучу кыймылсыз мүлктүн баасын аныктоонун тартиптери жөнүндө жобону иштеп чыгышууда.

XS
SM
MD
LG