БИШКЕК. Юстиция министрлигинин, Кыргызстан адвокаттар коллегиясынын жана Кыргызстан юристтер ассоциациясынын өкүлдөрү кечээ Бишкекте «тегерек үстөл» жыйынын өткөрүштү. Жыйында Юстиция министрлиги 21-майда чыгарган «Адвокаттардын кесиптик этикасынын эрежелери» аттуу буйругу талкууланды. Мындай маалымат бүгүн «RBS» компаниясынын жетекчиси, адвокат Сергей Слесаревден алынды.
Юстиция министрлиги өз буйругун адвокаттардын сот жараянындагы иш эрежелерин аныктоо максатында чыгарган болчу. Бирок Кыргызстан адвокаттар коллегиясы менен Кыргызстан юристтер ассоциациясынын өкүлдөрү «эреже адвокаттардын эркиндигин чектөө максатында кабыл алынды» деп сынга алышып, Юстиция министрлигинен аны жокко чыгарууну талап кылышкан. Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов: «Министрлик өзү чыгарган буйрукту жокко чыгарбайт», - деп билдирди. Бирок министрлик документке айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берди. Андай өзгөртүү-толуктоолорду иштеп чыгуу максатында Юстиция министрлигинин, адвокаттардын жана юристтер коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.