Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Акционердик коомдордун дивиденд төлөөгө чамасы чакталуу экени айтылууда


БИШКЕК. Былтыр Кыргызстандагы акционердик коомдор жалпысынан 1,5 млрд. сом өлчөмүндө киреше алып, алардын ичинен 358 млн. сомду дивиденд иретинде акционерлерге төлөшкөн. Бул тууралуу бүгүн өкмөт алдындагы Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Юрий Свистов маалымдады. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата өлкөнүн акционердик коомдору 29 млрд. 670 млн. сом өлчөмүндө акция чыгарышкан. Баалуу кагаздардын негизги бөлүгү, тактап айтканда 74% өнөр жай тармагындагы акционердик коомдорго таандык. Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери белгилешкендей, акционердик коомдордун көпчүлүгү тапкан кирешелеринен дивиденд төлөбөй жатышат. Акционерлер акционердик коомдордун отчеттору боюнча маалымат алууга, алардын жылдык жыйындарына катышууга мүмкүнчүлүгү жок. Башкача айтканда, акционердик коомдор «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамда каралган бир топ эрежелерди, анын ичинде жылдык отчетторду маалымат каражаттарына жарыялоо талабын аткарышпайт. Комиссия мындай кемчиликтерди акционердик коомдордун оор финансылык абалы менен байланыштырууда. Азыр Кыргызстанда катталган 1530 акционердик коомдун 1099у гана иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG