Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Кыргыз-өзбек чек ара комиссиясынын отурумунун жыйынтыктары маалым болду


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын 8-9-июлда Ташкен шаарында өткөн отурумунда тараптар чек арадагы жаңы талаш участкаларды тактай алышкан жок. Мындай маалымат бүгүн кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдон алынды. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек ара комиссиясынын 29-марттан 1-апрелге чейин Анжиян шаарында өткөн жыйынында такталган 50 чакырым талаштуу аймак боюнча да бул жолу тараптар бир жактуу чечим кабыл алышкан жок. Ошентсе да Ташкен отурумунда эки өлкөнүн топографтары Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкесинин узундугун такташты. Ал мурда айтылгандай 1492 чакырым эмес, 1295 чакырым экендиги аныкталды. С.Аламановдун айтымында, эки мамлекеттин жалпы чек арасынын 667 чакырымы гана демаркацияланган. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отуруму Бишкек шаарында өтөөрү болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG