БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев менен Орусиянын экс-президенти Борис Ельцин Чолпоната шаарындагы «Манас ордо» тарыхый-маданий комплексинде мусулман мечитин жана православ чиркөөсүн ачуу аземине катышты. Ысыккөл райондук администрациясынан алынган маалыматка караганда, тарыхый-маданий комплекс ишкер Ташкул Керексизовго таандык. Аскар Акаев менен Борис Ельцин комплекстеги айкелдер менен таанышты. Аземде мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өз атынан кечки сый тамак берди.