Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

АКЫН АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ: «ЭЛ ЭРТЕҢИ ЭМНЕ БОЛОТ, БИЛБЕЙ ТУРАМ…»


Белгилүү акын, Алыкул Осмонов сыйлыгынын ээси Анатай Өмүркановдун поэзиясы ириде чынчылдыгы, тереңдиги жана салмактуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

Өткөөл мезгил жылдарында жарык көргөн “Күндөгү так», «Асмансыз жылдар» жыйнактарына чейин акындын «Мөлтүр сезим», «Чабалекей”, «Алтын өзөн», «Бар бол», «Жашыл арал», «Жанкисе» ыр китептери жарык көргөн. «Күндөгү так» жана «Асмансыз жылдар» аттуу соңку жыйнактарында акын коомубуздагы бурулуш мезгилден кийинки оош-кыйыштарга, Атамекен, эл-журт тагдырына, бүгүнкү жана эртеңки муундун нарк-насилине саресеп салып, болуп жаткан реформага карата өз оюн ачык, даана билдирип жазат.

«Асмансыз жылдар» жыйнагынан акындын эки ыры:

Чыгып кетсе чыгып кетсин чымын жан,
Чындык үчүн чыңырганым чыңырган.
Акындыгым сокур тыйын, бүгүнкү
Мезгил күүсү билинбесе ырымдан.

Канча акындын калк деп көзү жумулган,
Калыстык деп жулунганым жулунган.
Баатырлыгым кокон тыйын, эртеңки,
Кечээгилер көрүнбөсө ырымдан.

***

Ботодоймун боз туманда турган боздоп,
Оор ойдон каным ысыйт, жаным ысыйт.
Арт жагымдан илип алаар акылы жок,
Ыйманы жок түркөй кылым келаткансыйт.

Сезгенимден өзүм чочуп, өзүм коркуп,
Сезгенимди отко салып, сууга агызам.
Бүт бардыгын билгенсиймин, а бу жолу
Эл эртеңи эмне болот, билбей турам…

«Жашоодогу жарык менен караңгы, жакшылык менен жамандык адамдардын ниетинен улам» дейт акын ырларында. «Күндөгү так» жыйнагындагы «Жан бузулбай жаратылыш бузулбайт» деген ырында:

Бөйрөк оюп бөөдө кырсык утурлайт,
Азан-казан атпай дүйнө ызылдайт.
«Жаратылыш бузулду» деп жар салба,
Жан бузулбай жаратылыш бузулбайт.

Алаамат күч муунткансыйт алкымдан,
Таш боор кылым кайт артыңа, кайт ылдам!
Бомба бардай мезгилдердин боюнда,
Акыр бир күн жарылууга калтырган, - деп, адам ниетинен өсүп чыккан кылым көйгөйүн, Жер тагдырын, ниетке жараша Табият-Күчтүн жазасын таразалайт.

Акын Анатай Өмүркановго учурда жазылып жаткан ырларынын маанайын сурап кайрылдык.

- Бүгүнкү күндө жазылып жаткан ырларымдын мазмуну деле ошол кийинки эки китебимдин күүсүндө, - дейт акын. - «Тушалган чагылган» деген ат менен жаңы жыйнагымды даярдап жатам. Өлкөбүздөгү тереңдеп бараткан адилетсиздик, кылмышкерлик, Мекен алдындагы атуулдук жоопкерчилик - мына ушул темалар дагы да жаңы жыйнагымдын өзөгү болмокчу.

Акындын «Күндөгү так» жыйнагына кирген «Ак Мактым» жана «Асмансыз жылдар» жыйнагындагы «Күкүк» поэмаларын айрыкча белгилөөгө болот. Акын эки поэмасында тең Атамекендин, эл-журттун тагдырына карата адамдардын атуулдук мамилелерине, кээде жеке бир жетекчинин айынан Мекен тагдыры мертинген жагдайларга токтолот. Айрыкча аялзатынын мекен сүйүүчүлүгүнө, намыскөйлүгүнө, Мекен үчүн жан берүүгө даяр жан-дүйнөсүнө басым жасайт.

«Сүйгөнүм элим менин! Ал ыйласа мен күлүп жүралбаймын» деген кыргыздын баатыр кызы Ак Мактымдын чечкиндүүлүгү, «Күкүк» поэмасындагы күңгө кеткен кыздардын
«Көздөн учкан тууган жерди бир көрөлү,
Айлант кушка, айлант кушка» деп, Кудайга жалбарган кусалыгы окурмандын акыл-сезиминде канча бир ойдун отун жандырат. Ал заман менен бүгүнкү заманды, ал адамдар менен азыркы адамдарды салыштырып кароого түртөт. Акындын тууган жер, эне, табият, махабат темасындагы ырларындагы тазалык, нукуралык окурмандын көңүлүн сергектентип, ырахат тартуулайт.
XS
SM
MD
LG