Бул тууралуу Орусиянын Коргонуу министри Сергей Иванов кечээ билдирүү жасады. Бул күнү Маскөөдөгү жардырууда бир коопсуздук кызматкери набыт кетти. Ошондой эле өткөн аптада рок фестивалда эки жан кечти 14 адамдын канына забын болгон. Ал эми бүгүн Чеченстандын түштүгүндө алыстан башкарылган бомба жарылып, федералдык армиянын үч адиси ажал тапты. Интерфакс агенттигине ылайык, жардыруудан дагы үч аскер жараат алды.
Орусиялык расмий өкүлдөр террористтик уюмдар азыр жан кечти аялдарды машыктырып жатат деп ырасташууда.
Чеченстандагы орус аскерлерин орусиялык тартип коргоочулар 1-сентябрда алмаштырат деп күтүлүүдө.
Орусиялык расмий өкүлдөр террористтик уюмдар азыр жан кечти аялдарды машыктырып жатат деп ырасташууда.
Чеченстандагы орус аскерлерин орусиялык тартип коргоочулар 1-сентябрда алмаштырат деп күтүлүүдө.