Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

Кытайдын полициясы Кыргызстанда автобустун өрттөлүшүнө байланыштуу эки уйгур сеператистти издеп жатат


Кытайда англис тилинде чыгуучу "Чайна Дейли" гезитинин бүгүн жазышынча, издөө салынган эки киши Чыгыш Түркстандын исламдык кыймылынын мүчөлөрү экендигин Кытайдын Бишкектеги элчилиги бышыктады. Бул уюм Шинжаңда көз карандысыз мамлекет курууну көздөгөн уйгурлардын башын бириктирет. Кытай жана Кошмо Штаттары бул кыймылды террористтик уюм деп эсептешет. Чет жактардагы уйгур активисттери мындай мүнөздөмө чындыкты чагылдырбайт деп айтып келатышат.
Март айында Кыргызстанда кытайлык автобуста бараткан 21 кишини белгисиз куралчандар атып өлтүрүп, автобусту өрттөп кетишкен.

XS
SM
MD
LG