Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Жорж Буштун Африка саякаты соңуна чыкты


Беш күндүк сапарынын соңунда бүгүн Нигерияда болгон АКШнын президенти Либерияга аскер жиберүүнү чечүүдөн мурда, ал жактан америкалык адистердин кайтып келишин күтүп жаткандыгын айтты.

- Биринчи кезекте, албетте, Либериянын президенти өлкөдөн чыгып кетиши керек. Экинчиден, элдешүү тууралуу алдын-ала макулдашуу жетишилди. Үчүнчүдөн, биз гуманитардык кризисти жөнгө салууга ниеттүүбүз, бул үчүн кандай аракеттер зарыл экендигин билишибиз керек. Башкача айтканда, азыр биз кырдаалга баа берүү менен алек болуп жатабыз.

Буш ошондой эле АКШ террористтердин Африканы таяныч аймак катары пайдаланышына жол бербейт деп ишендирди.
Буш бүгүн Вашингтонго кайтып кетти.

XS
SM
MD
LG