Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

«Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатуу кечигип атат


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» акционердик коомунун 51% акциясынын сатылышы боюнча тендердин экинчи баскычы белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын билдиргени боюнча, анын себептери да азырынча белгисиз. Тендердин экинчи бөлүгү буга чейин 28-июнга белгиленип, андан соң 5-июлга жылдырылган эле. Ал эми тендердин биринчи баскычынын жыйынтыгы 16-июнда жарыяланып, анда тендерге катышкан 6 компаниянын ичинен Швециянын «SWOLTEL» кампаниясы жеңүүчү деп табылган. Бул компания «Кыргызтелекомдун» 52% акциясы үчүн 15 млн. 600 миң доллар сунуштаган. «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алууга Германиянын, Орусиянын компаниялары, Түркия менен Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы биргелешип түзгөн консорциум жана казакстандык эки компания да катышкан.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG