Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Бишкекте саясий партиялардын жыйыны өтмөк болду


БИШКЕК. 16-июлда Бишкекте Кыргызстандагы саясий партиялардын жыйыны өтөт. Анда саясий партиялар 19-июлда өтмөкчү болгон «Тегерек үстөл» диалогунда көтөрүлө турган маселелер боюнча пикир алмашат. Жыйынга «Атамекен» социалисттик, «Менин өлкөм», «Эркиндик», «Арнамыс», Социал-демократиялык, Кыргызстан коммунисттик жана Кыргызстан коммунисттер партияларынын жана башка партиялардын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу маалымат бүгүн Демократияны өнүктүрүү фондунан алынды. Саясий партиялар бийлик өкүлдөрү катышкан чоң форматтагы диалогдо алардын келечектеги өнүгүшүнө байланыштуу олуттуу маселелерди көтөрүүгө ниеттенишүүдө. Алар ириде саясий партиялардын жергиликтүү шайлоолорго катышуусу, келечекте кайрадан Жогорку Кеңешке шайлоого партиялык тизме боюнча катышуу боюнча маселелерди көтөрүп чыгышмакчы.

XS
SM
MD
LG