Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Иранда реформачыл ишмерге чыгарылган сот өкүмү өзгөртүлдү


Исламга акарат келтиргени жана диний жетекчилерди сынга алганы үчүн өлүм жазасына тартылган жергиликтүү профессор Хашем Агажари эми төрт жылга түрмөгө кесилди. Тегерандагы педуниверситетте окутуучулук кылган Агажари ошондой эле беш жылга мамлекеттик мекемелерде иштөө укугунан ажыратылды. Агажаринин адвокатынын билдиргенине караганда, жаңы өкүм апрель айында эле чыгарылган экен, бирок өлкөдөгү антиөкмөттүк толкундоолордон улам угузулбай келген. Соттун Хашем Агажариге карата чыгарылган мурдагы өкүмдөрү коомчулуктун каршылыгына байланыштуу өзгөртүлдү.

XS
SM
MD
LG