Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

БУУнун курал-жарак инспекторлорунун мурдагы башчысы британ өкмөтү ката кетирген деп эсептейт


Ханс Бликс британ өкмөтүнүн "Саддам Хусейндин режими 45 мүнөттүн ичинде массалык кыргын салуучу куралды колдоно алат" деген билдирүүсүн жаңылыштык катары баалаган. Ал Лондондо чыгуучу "Independent on Sunday" гезитине берген маегинде белгилегендей, Иракта химиялык же биологиялык куралдарды ташуу жагынан мындай мүмкүнчүлүк болгону күмөндүү. Бликс ошондой эле БУУнун инспекторлору Иракка кайтып барышы керек деген пикирде. АКШнын жана Британиянын бийликтери аскерий операцияны негиздөө үчүн Саддам Хусейндин режиминен келген коркунучту апыртып жиберишкен деген айыптоолорду учурда четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG