НАРЫН. Бүгүн облус акимчилигинен алынган маалыматтар боюнча, XVIII кылымда жашап өткөн бул тарыхый инсан Жумгал өрөөнүн жердеген саяк уруусунан чыккан. Ал башка кыргыз урууларын улуттук биримдикке чакырып, Кытайдын Цин империясына элчи болуп барган кыргыз инсандарынан болгон. Жумгал районунун борбору Чаек айылында өткөрүлгөн кароо-сынакта Байзак баатырдын эстелигине арналган тарыхый маалыматтар айтылып, жергиликтүү маданият кызматкерлери чоң программадагы концерт беришти. Буга чейин Нарын облусунда Манас, Кошой, Тайлак, Ажыбек баатырлардын, мамлекеттик ишмерлер Касым Тыныстановдун, Абдыкерим Сыдыковдун эстеликтерине арналган кароо-сынактар өткөрүлгөн.