Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Франциялык волонтер Бишкекте набыт болду


БИШКЕК. Франциянын Улуттук кызыл чырым коомунун волонтеру, «Формула-3» аттуу спорттук автожүрүштүн мурдагы катышуучусу, 57 жаштагы фотожурналист Жерар Старк ишемби күнү кечинде Бишкек-Ош жолунун 252-чакырымында автокырсыктан набыт болду. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунан алынды. Жерар Старк Кызыл чырым жана кызыл жарым ай коому менен 1997-жылдан бери кызматташып келген. Бул аралыкта ал 149 өлкөнү кыдырган. Ал жылдын акырына чейин Азия өлкөлөрү аркылуу Канадада сапарын токтотуп, өзүнүн жүрүшүнө байланыштуу китеп жазууну көздөгөн. Кырсыктан мерт болгон саякатчынын сөөгү эртең Бишкек аркылуу мекенине жөнөтүлөөрү күтүлөт. Жерар Старк кырсык болгон жерден дароо Токтогул шаарчасына жеткирилген болчу.

XS
SM
MD
LG