Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Аксыда ич келте жугузган эки киши катталды


ЖАЛАЛАБАД. Облустук санитардык станциядан бүгүн алынган маалыматка караганда, Жаңыжол айыл өкмөтүнүн Карагансай кыштагынан Аксы райондук ооруканасына жаткырылган 6 адамдын экөө ич келте менен ооруганы аныкталды. «Алар кеселди Шамалдысай шаарчасынан меймандап келген, ич келте оорулуу аялдан жуктуруп алышкан» деген маалымат бар. Карагансай кыштагындагы оорулар менен бирге жашаган 27 адамга ич келтеге каршы эки жолу бактериофак дарысы берилди. Алар ичкен суу текшерүүгө алынып, дезинфекциялык жумуштар жүргүзүлдү. Райондук оорукана түзгөн, 14 адамдан турган эпидемиологиялык бригада күн сайын алардын температурасын өлчөп турат. Оору мындан ары жайылбаш үчүн санитардык агартуу иши өткөрүлүүдө. Райондогу эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча облустук чукул кырдаалдар комиссиясы ишке киришти.

XS
SM
MD
LG