БИШКЕК. Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде «Пирамида» телеканалынын «ТВ-Консилиум» берүүсүнүн 7 жылдыгына арналган атайын жыйын өтөт. Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Елена Баялинованын айтымында, медициналык илимий-таанытуучулук максатты көздөгөн программанын 400гө жакын телеберүүсү обого чыгарылган. Жүрөк-кантамыр ооруларынан, онкологиялык жана жугуштуу дарттардан сактануунун жол-жоболору, эне-баланы коргоо темасындагы медициналык кеп-кеңештер угармандар арасында кызыгуу жаратып келет. Берүүнүн автору Галина Игнатовскаянын айтуусунда, каражаттын жоктугунан программа эфирге чыкпай калуу коркунучу алдында турат.