Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Италия немец канцлеринин жубайына автоунаа белек кылат


Эки өлкөнүн ортосундагы достуктун символу иретинде немец канцлеринин жубайына автоунааны белекке берүүгө ниеттенип жатканын Италиянын автомобиль жасоочу "Фиат" компаниясы билдирди. Компания өкүлүнүн айтымында, немец канцлеринин жубайы Фиаттын эң соңку үлгүсүн ал эл аралык базарда сатыкка түшкөнгө чейин, октябрь - сентябрь айларында Германияда ала алат. Мындай маалымат эки өлкөнүн ортосундагы соңку дипломатиялык чатакты улай чыгууда. Чатак ушул айдын башында, Италиянын премьер- министри Силвио Берлускони Европарламенттеги немец депутатын орой тамашага чалып, тасмадагы фашисттик лагердин күзөтчүсүнө салыштыргандан кийин тутанган. Андан соң Италиянын туризм министринин орун басарынын немец туристтерин шылдыңдашы да чатакка кошул - ташыл болду. Ушул окуялардан улам немец канцлери Шрөдөр жубайы менен Италияга белгиленген жайкы эс алуусун токтоткон эле.

XS
SM
MD
LG