60 жаштагы Саид–Хамзат Гайрбеков – Чеченстандын Ведено районун тургуну, Астрахандагы курулуш ишканаларынын биринде жетекчи кызматта иштейт. Ал президенттик шайлоого катышары тууралуу республиканын Борбордук шайлоо комиссиясын кабардар кылды. Бүгүн Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары комиссиясынын төрайымы Элла Панфилова чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун да мунапыска илинүү жана алдыдагы президенттик шайлоо катышуу укугу бар деген пикирин билдирген эле. Бирок, буга улай орус президентинин кеңешчиси Сергей Ястржембский А.Масхадовдун талапкер болуу, мунапыс алуу да укугу жок экенин белгиледи. Чеченстанда президенттик шайлоо 5-октябрда өтөт. Ал эми республика аймагында козголоңчулар менен орус аскерлеринин кагылышуусу дээрлик күн сайын катталууда.